Бүгүн, 29-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Мамбетов билдиргендей, 4 886 киши обсервацияда жайгаштырылган, 3 338 адам үй карантининде.
Ал көпчүлүктөн адистер коронавируска каршы күрөшүүгө даярбы деген суроолор келип жатканын айтты. Мамбетов адистер 100 пайыз даяр экенин билдирди.
Булардын бардыгы обсервацияга алынды, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.
Касымбек Мамбетов Кыргыз өлкөсүндөкоронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын ичинен үчөөнүн абалы оор экенин айтты. "Алар реанимацияда. Эки бейтап Өзгөн районунда, бир бейтап Сузак районунда", - дейт Мамбетов.
Касымбек Мамбетов Чүй облусунда - 2, Бишкек – 4, Нарын – 1, Ош – 6 , Жалал-Абад облусунда - 13 жарандан коронавирус аныкталганын айтты.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Жалпы коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетти.