
Эпидемияга курчалган Италиянын аймагында коронавирустун жаңы өзгөчөлүктөрү чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Гормо шаарында коронавирус менен жабыркаган бир нече адам уктаган бойдон турбай көз жумган. Бирок дарыгерлердин айтымында, алардын абалы жакшы болуп, оорунун белгилери аларда өтө билинген эмес.
Бир сутка ичинде карыялар жашаган пансионаттарда 5 адам дал ушундай жагдайда каза болгон. Азыркы тапта бул жаңы ачылган фактылар изилденип жатат деп жазылат маалыматта.
Италия азыркы тапта Европадагы илдет эң көп катталган өлкө бойдон калууда.