Өлкөнүн түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдик тобу жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор.
"Бизде коронавирус менен күрөшкөн медицина адистери жетиштүү. Андан сырткары биз профилактика жүргүзүү максатында башка профилдеги адистерибизди кошумча окутуп жатабыз. Мындай окутуулар эл аралык тажрыйбада дагы колдонулат. Бизде 42 – пульмонолог, 267 – эпидемиолог, 644 – реаниматолог бар", - деп айтылат маалыматта.