Францияда коронавирустан улам 76 жаштагы мурдагы саясатчы Патрик Девежян каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты. Буга чейин саясатчыдан коронавирус аныкталып, ал Франциядагы бейтапканалардын бирине жаткырылган болчу.
"Девежян 28-марттан 29-мартка караган түнү каза болду. Ал аталган вирус менен алышып жатып бейтапканада жан берген", - деп жазылат анын өлүмү тууралуу маалымат булактарында.
Девежян Францияда төрөлгөн. Анын апасынын улуту француз болсо, ал эми атасы армян тектүү түркиялык жаран болгон. Аны франция эли өлкөнүн эң алдыңкы иш орундарында иштеген таасирдүү саясатчы катары билишчү.