
Түнкү саат 00:00дө полиция кызматкерлери атайын тосмолорду алып, мекемелер кайрадан өз чырактарын жандырышты. Ухан шаары коронавирусту жеңип, 76 күн жаткан изоляциядан чыкты. Бул тууралуу видеолорду интернет колдонуучулары социалдык тармактарга жарыялашты.
Маалыматка ылайык, шаар мурункудай калыбына келип, коомдук транспорт, аба каттамдары кайрадан ишке кирди. Ал эми жергиликтүү жашоочулар эпидемия башталгандан бери алгачкы жолу эшикке көптөгөн санда чыгышты.
Ошондой эле изоляцияда калып калгандар шаардан чыгышып, автотыгындар да пайда болгон.