65 жыл чогуу түтүн булаткан жубайлар бир күндө коронавирустан көз жумду

АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында 65 жыл чогуу жашаган түгөйлөр коронавирустан улам бир күндө каза табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жеке ишкер Стивен Нэш анын чоң атасы менен чоң энеси АКШда коронавирустан каза болгондордун саны көбөйүп баштаганда каза болгонун айткан. "Мен чоң атам менен энемди бир сутканын ичинде жоготуп алдым. Сүйгөн адамдарыңыздарды бекем кучактап коюңуздар", - деп жазган Стивен. Ал каза болгон жакындарынын сүрөтүн социалдык баракчага жүктөп, артында 6 баласы, 18 небереси калганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asanaliev.s
2020-03-30 09:04:36
Кандай гана окунучтуу.Бейиштеда экоо бирге болсун.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан