Милиция кызматкерлери илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштерин улантууда.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу жана Кара-Көл ШИИБи тарабынан коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Милиция кызматкерлери үй карантинине алынган жарандарды тиешелүү талаптарды бузбай, себепсиз эч жакка барбоого чакырышты. Азыркы учурда өлкөбүздө жугуштуу илдеттин толкуну басаңдай электиги айтылып, бет каптарды тагуу менен бирге өз саламаттыгына кам көрүүгө үндөштү. Мындан сырткары шаар тургундарына жөнү жок көчөгө чыкпоо керектиги эскертилип, санитардык жана жеке гигиеналык талаптарды толук кармануу зарылдыгы белгиленди.