Токио-2020: АКШ олимпиаданы жылдырууну суранып, арыз менен кайрылды

АКШнын олимпиада комитети "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарын коронавирустан улам башка убакытка жылдырууну суранып, Эл аралык олимпиада комитетине (ЭОК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Олимпиаданы кийинкиге жылдыруу биздин келечегибиз үчүн жакшы болот. Биз олимпиаданы кийинки убакытка жылдырууда жаралган бардык көйгөйлөрдү чечүүнү ЭОКтон суранабыз. Олимпиада бардык катышуучулар үчүн коопсуз жана спортчулар үчүн бирдей шартта өтүшү керек", - деп жазган АКШнын олимпиада комитети.

Буга чейин Канада да олимпиаданы жылдырууну суранып ЭОКко арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан