
Раданын депутаты
Юлия Тимошенко өлкө президенти
Володимир Зеленский кырдаалдан пайдаланып, элди алдап жатканын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө президенти сунуш кылган жерлерди сатуу боюнча мыйзам долбоору Украинанын карамагындагы жерлерди сатууга жол ачат.
"Элдерге ушундай гана жол менен насыя алууга жана экономикада кыйынчылыктарды чечүүгө мүмкүн экенин айтып жатышат. Бул манипуляция жана карандай калп. Бийлик жөн гана азыркы абалдан колдонуп, элди анын эң чоң байлыгынан кол жуудурганы жатат", - деп билдирген Тимошенко.
Ошондой эле ал аталган мыйзам долбоору айыл чарба менен алектенген жарандарга жаңы жерлерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берерин, бирок алар кааласа дагы сатып ала албай тургандыгын билдирген. Анткени долбоор боюнча жарандар белгиленген мөөнөттө керектелүүчү кагаздарды чогултушу керек.
"Алар бир дагы фермерге жер алууга мүмкүнчүлүк беришпейт. Кийин бул жерлер чоң корпорацияларга сатылат", - деп билдирген депутат
Тимошенко жарандарга кайрылып, бийлик өкүлдөрүнүн ар бир айткан сөзүнө ишенбестен, өзүлөрүнүн жерин коргоп калууга чакырган.