
Бишкек мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкери
Нурланбек Асылгазиев пневмониядан каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 13-июлда маалымдашты.
Белгилүү болгондой, аталган ишкананын сүрөт тартуу жана топография бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Асылгазиев 12-июлга караган түнү кайтыш болгон.
Маркум 1972-жылы 24-мартта Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган.
1991-жылы Фрунзе политехникалык техникумун инженердик геодезия адистиги боюнча билим алган.
2006-жылдан тартып Бишкек мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаментинин борбордук архитекторлор тобунда иштеп баштаган.
Нурланбек Асылгазиевдин артында жубайы жана беш баласы калды.
SUPER.KG порталы Нурланбек Асылгазиевдин көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.