Дональд Трамп: "Коронавирустан 100 миңден 200 миңге чейин америкалыктар каза болсо, анда биз бул вируска каршы жакшы күрөштүк деп айта алабыз"

АКШнын президенти Дональд Трамп азыркы учурда дүйнө элин коркунучка салып турган коронавирус оорусунун айынан Америкада канча адам каза болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал маалымат жыйыны учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бул вирустан 2 миллион 200 миң америкалыктар каза болот деп айтып жатышат. Биз бул санды 100 миңге чейин түшүрсөк, анда бул абдан коркунучтуу сан. Балким, мындан дагы төмөн. Биз азыр 100 миңден 200 миңге чейин адам каза болот деп болжолдоп жатабыз. Эгер чын эле ушундай болсо, анда бул биздин коронавируска каршы жакшы күрөшүп жатканыбыздын белгиси", - деп билдирген АКШнын президенти.

28-мартта АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институнун директору Энтони Фаучи жергиликтүү CNN телеканалына коронавирус пандемиясынын айынан 100 миңден 200 миңге чейин америкалыктар каза болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШ дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясын жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турат. Бул өлкөдө коронавирусту 143 миң 55 адам жуктуруп алган болсо, 2 миң 513 адам бул оорудан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
chake
2020-03-30 19:20:06
ачыгын эле айтып салыптырго
+11
nazarmat92
2020-03-30 19:21:16
Тип турбайсынбы))
+8
kuttubekuzgen
2020-03-30 19:32:00
Чындыкты айтыптырда молодец.
+9
milan-707
2020-03-30 19:49:58
Эркек экек
+5
Bars88
2020-03-30 19:51:42
Бироо бироого жуктурса биз учун утуш деп койбоптурда.200000 кишини жон эле списат этип коюптурго
+10
Sunera
2020-03-31 01:16:16
Bars88,списат дее ((((
+1
zhykyo
2020-03-30 20:00:49
Эми кочого чыкпай жашынат
+5
tavanova.sarah
2020-03-30 20:44:12
Балп этип салыптырго))
+5
Asman779
2020-03-30 21:01:40
Буга Чын Журоктон Баары Бир го.
+10
algakaray
2020-03-30 21:16:16
Бир кана кудай билет канча адам олоорун. Аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун директору эгер ошентип айтса эле ошончо адам олуп калмак беле. Ал деле биздин арстан алай го анда.
+11
mirkaa5182
2020-03-30 22:36:45
Бул киши деле ойлонбой сого берет, кудай билет канча адам өлө турганын.
+2
rysik79
2020-03-30 22:42:58
Соз деп эле суйлой берсе болмок беле? Трамп Кудай эмес го ? Кудай билет качан канча болоорун.
+2
Qwerty2018
2020-03-30 23:12:08
Негизи ушундай жол менен адамдарын сактайт, туура жолду тандаптыр антпесе адамдар ишенбей жатат ушундай созду укса карантин ото жакшы болот. Эч ким чыкпайт. Кытай да ушул жолду тандаган вирус чыкканда кооп цифра менен маалымат бериштиле эл тып эрежелерди сактады, мы на тып эле басылды, Америка да ушул жол менен элин сактайт.
+1
Qwerty2018
2020-03-30 23:13:40
Трамптын саясаты мыкты
0
katerina.li
2020-03-30 23:31:39
Ьиздин спикердей суйлоптур"утушубуз" деп
+2
bekmaral
2020-03-30 23:41:11
Бул уверенно айтканына караганда оздору эле чыгарган болушу мумкун вирусту.
+2
xnurgul_gul
2020-03-31 01:38:37
bekmaral,Кытай экоо жасашкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан