Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Коронавирустун экинчи толкунунда өлүм көп катталышы күтүлөт"

Европа өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунуна даяр болуусу керек. Инфекциянын экинчи толкуну ушул жылдын күз же кыш мезгилинде башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун жетекчиси Ханс Клюге билдирет деп жазышат чет элдик басылмалар.

Айтымында, илдеттин экинчи толкунунда өлүм мындан дагы көп катталышы күтүлүүдө. "Буга байланыштуу илдет менен күрөшүүнү күчөтүү керек. Айрым өлкөлөр "биз Италия мамлекетиндей эмеспиз" дешет. Бир, эки аптадан кийин илдет курчуп кеткен болот. Биз өтө сак болушубуз керек", - деген ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ZUXRIDDIN20
2020-05-15 10:05:21
Окумуштуулар ар кандай божомолдору менен адамды тажатышты. Өткөн күнү айтышты эле экинчи толкун биринчисинде караганда кучсуз болот деп.
+1
samarbek.88
2020-05-15 10:19:36
оозуңарга капкара таш.. окумуштуулар тойгоздуго
+6
guljan929
2020-05-15 23:31:21
Алла сактасын. Балким женил болуп өтүп кетээр. Аллах билүүчү, баарына каадыр зат. Аллахтан сурайлы, дуба кылайлы мусулман бир туугандар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан