Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 133 миллион сомдон ашык каражат түштү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 133 миллион 352 миң 205 сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 24-апрелге карата түшкөн каражат. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 16 миллион 141миң 47 сомду түздү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sumaya
2020-04-27 19:18:26
Жеп жутарлардын чонтогуно тушту деп эле жазсанар болмок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан