Англиянын "Тоттенхэм" командасынын башкы машыктыруучусу, 57 жаштагы Жозе Моуриньо командасын карантинге байланыштуу видео байланыш аркылуу машыктырып баштайт. Бул тууралуу англиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Англияда коронавирус пандемиясынан улам 30-апрелге чейин карантин жарыяланган. Жозе Моуриньо буга карабастан командасын кечээ, 30-марттан баштап видео байланыш аркылуу машыктырып баштаган. Бул команданын оюнчулары түштүк кореялык Сон Хын Мин жана нидерландылык Стивен Бергвейн гана өз өлкөсүндө. Калган футболчуларынын бардыгы Лондон шаарында машыгып жатышат.
Жозе Моуриньо "Тоттенхэм" клубун 2019-жылдын 20-ноябрынан бери машыктырып келет. Бул клуб учурда Англия Премьер-Лигасында (АПЛ) 41 упай топтоп, 8-орунда келе жатат.