Нарында 6 жаран өткөн суткада коменданттык сааттын тартибин бузду. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусундагы кырдаал туруктуу. Тартипти бузуп кармалган жарандардын бардыгына тиешелүү протокол түзүлүп, айып салынды. Ат-Башы району боюнча тартип бузуулар катталган жок.