Бириккен улуттар уюму: "Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүндө азык-түлүк тартыштыгы орун алышы мүмкүн"

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүндө азык-түлүк тартыштыгы орун алышы мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жаатындагы эксперттери билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта пандемия экономикалык байланыштарга таасирин берип жаткандыктан, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке азык-түлүк жеткирүүдө көйгөйлөр жаралып калышы жөнүндө айтылат.

"Учурдагы коронавирус менен күрөшүү үчүн жасалып жаткан чаралар апрель-май айында азык-түлүк таңкыстыгына алып келиши толук ыктымал. Ал эми азыркы маалда мамлекеттерде азык-түлүк жагынан камылгалары бар болгону үчүн кырдаалдан чыгып жатат. Бирок дүйнө жүзү боюнча эпидемиологиялык абал жакшырбаса, тамак-аш жаатында тартыштык пайда боло баштайт. Андыктан ар бир мамлекеттин өкмөтү дүйнөлүк экономикалык каатчылыкты болтурбоо үчүн азыртан баштап чараларды көрө башташы зарыл. Бул үчүн азык-түлүк рыногунун катышуучуларына жеңилдетүүлөр берилиши шарт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан