"Бавария" футболдук клубунун мурунку президенти коронавирус пандемиясы дүйнөлүк футболду өзгөртө тургандыгын айтты

Германиянын "Бавария" футболдук клубунун мурунку президенти Ули Хёнесс коронавирус пандемиясынан улам дүйнөлүк футболдо алдыда глобалдык көйгөйлөр болушу мүмкүн экендигин айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Азыркы дүйнөдө болуп жаткан кырдаал коркунуч гана жаратпай футбол дүйнөсүндөгү абалды өзгөртөт деп ойлойм. Алдын ала айтуу оор, бирок мен жакынкы жылдары 100 миллион евролук трансферлерди элестете албайм. Футболдогу трансфердик баа коронавирус пандемиясынан улам ылдый түшөт. Мурунку футболго кайтып келиш үчүн кеминде 2-3 жыл керектелет. Баарынан мурда бизди жаңы футбол дүйнөсү күтүп турат", - деп билдирген Ули Хёнесс.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус оорусун дүйнө жүзүндө 491 миң 623 адам жуктуруп алып, 22 миң 169 киши бул оорудан каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-03-26 22:20:20
озу футбол транцферлер через чур осуп кетти эле мисалы Неймар 222 миллион евро откон эле азыркы Мбаппе 250миллион евро бул через чур бул акчага канча кайрымдуулук иштер бутот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан