Бириккен Араб Эмирлиги өлкө аймагында жайгашкан мекемелерге зыяраттардын алкагында жаңы коронавирус таркатуу коркунучу жөнүндө эч бир өлкөгө, анын ичинде Түркияга кабарлаган эмес. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү каналына берген маегинде өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Соилу билдирген.
Анын айтымында, вирустун таралуусу ачык айтылса, зыяраттан кайтып келген жарандарды текшерип, алдын алуу иштери жүргүзүлмөк.
"Сауд Арабиясы бизге же дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө өлүмгө дуушар болгон вирусту жуктуруунун кандайдыр бир учурлары жөнүндө маалымат берген эмес. Адамдар умрадан кайтып келишкенде Түркияда биринчи жолу инфекция аныкталып, зыяратчылар медициналык изоляторго жаткырылгандан кийин дароо чара көрүштү", - деди ал.
Министрдин айтымында, чет өлкөдөн келген 15 миңден ашык адам Түркиянын 29 облусундагы 48 жатаканада карантинге алынган.
Дүйнөлүк маалымат булактары маалымдагандай, буга чейин Бириккен Араб Эмирлиги жана Персия булуңундагы башка араб монархиялары Жакынкы Чыгыш аймагындагы коронавирустун жайылышынын очогу болгон Иранды коронавирус пандемиясына каршы жоопкерчиликсиз жүрүм-турум жана "биологиялык агрессия" үчүн айыпташкан.
Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө 4 миңге чукул коронавирус инфекциясын жуктурган жарандар аныкталып, 75 адам көз жумган.
Түркия коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында мектеп, кафе, барларды жаап, массалык намазга чогулууга тыюу салды. Ошондой эле спорттук мелдештерди кийинкиге калтырды жана ондогон өлкөлөргө авиакаттамдарын токтотту.
Эпидемиологиялык кырдаал күн сайын начарлап баратканына карабастан, президент Режеп Тайып Эрдоган 25-мартта Түркия коронавирусту 2-3 аптада жеңип чыгат деп ишенимдүү жарыялады.