Вице-премьер-министр кызматына Алтынай Өмүрбекованын ордуна Аида Исмаилова сунушталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Анын талапкерлиги көпчүлүк коалициянын жыйынында каралат.
Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.