"Кызматкерлердин иштеп жаткан жериндеги айлыгы сакталат". Нарынга жана Чаткалга ыктыярчы дарыгерлер тобу жөнөп кетишти

Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу ыктыярчы дарыгерлерден турган 2 топ кесиптештерине жардам берүү үчүн жөнөп кетишти. Дарыгерлер тобунда анестезиолог-реаниматологдор, акушер-гинеколог, эпидемиолог, инфекционист бар.

Мындан тышкары бүгүн, 18-майда Чаткал райондук дарыгерлер үйүнө дагы акушер-гинеколог, реаниматолог, инфекционисттен турган дарыгерлер тобу жөнөп кетишти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Аймактарга кеткен дарыгерлер бардык керектүү коргонуучу каражаттар менен камсыз болушкан. Алардын буга чейин иштеп жаткан жериндеги айлыгы сакталып, андан тышкары кошумча төлөм берилет. Чыгашалар министрлик тарабынан камсыздалат. Бүгүнкү күнгө чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жалпы ыктыярчы дарыгерлерден турган 12 топту аймактарга жиберди", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан