Ошто кандын рагы менен ооруган бейтап коронавирус жуктуруп алып, илдети күчөп каза болду

Ош облустук биргелешкен ооруканасында кандын залалдуу шишик дарты менен ооруган сузактык тургун коронавирус жуктуруп алып кайтыш болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Маркум 53 жаштагы эркек киши.

"Сузак районунун тургуну кандын рагы менен жабыркап, Ош облусундагы бейтапканада дарыланып жатканда коронавирус жуктуруп алган. Вирус бейтаптын рак илдетин курчутуп, ал каза болуп калды", - деди Үсөнбаев.

Маркум өлкөдө коронавирустан каза болгондордун тизмесине кирбейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baku24
2020-06-16 11:12:09
больницага барыштан коркосун, сакайта турган эмес жуктура турган жай болуп калды го
+7
Sakura715
2020-06-16 12:05:24
Вирустан осложнения берип жатат го, значит коронавирустан олуп жатат.Вируска ишенбегендер хотя бы вирус жонундо кененирээк окуп койгулачы.Анын озунун оорусу бар экен,ошол оорунун айынан олду дебей!
Коронавирус соо адамды олтуро албайт, иммунитети начар болгон,коп оорууларды алып жургон адамдарга ото оор келет ,ого бетер иммунитет тушурот.Ооба ал оорулуу кийин деле оз оорусу менен олмок,бирок вирус ошол олумду тездетет
+5
bema_bema
2020-06-16 18:40:13
Sakura715,Туура айтасыз айтсан деле тушунбогондор жок оору деп жанды чыгарышат ишенбей.
+3
Aliar1
2020-06-16 22:26:46
Sakura715,ал оору олумду тездетпейт жон гана себеп ичер суусу тугонгон ажалы жеткен деп койот
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан