Бүгүн, 4-сентябрга карата COVID-19 илдети 154 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, илдет эң көп аныкталгандар Бишкек шаарында (63 адам), эң азы Ош шаарында (1 адам) катталды.
Чүй облусу – 22
Талас облусу - 7
Нарын облусу - 5
Ысык-Көл облусу – 42
Жалал-Абад облусу – 7
Баткен облусу - 7
Жалпы өлкө боюнча 176 миң 347 жаран коронавирус илдетине кабылган.