Соңку 24 саат аралыгында коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандардын саны 42 болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, алар:
Бишкек шаары – 19;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 1.
Жалпы айыккандардын саны республика боюнча 179 миң 442ни түздү.
Муну менен бүгүнкү күндө ооруканаларда жалпы 299 бейтап дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 2 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 133 бейтаптын абалы орто оордукта, 144 бейтаптын абалы оор абалда жана 20 бейтап өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 343 бейтап бар.