Министрдин орун басары: "Жардам биринчи жаңы конушта жашаган үй-бүлөлөргө берилет"

Бишкек шаарынын чет жактарында, жеринин статусу жок жашап жаткан жарандарга жардам биринчилерден болуп берилет.

Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өкмөт үйүндө өткөн онлайн жыйын учурунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

"Эң көйгөйлүү жагдай - бул жашаган жеринин статусу жок, мыйзамсыз конуштарда жашап жаткан жарандар бар. Ал жарандар "Дордой" базарынын тегерегиндеги, тагыраагы, таштанды жакта жашап жаткан үй-бүлөлөр экенин тизмектеп чыктык. Анда 1 миң 149 үй-бүлөнүн учурда тизмеси даяр. Азыр биринчи жардамдар ошол үй-бүлөлөргө берилет", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samatalibei
2020-04-01 17:44:03
Эң туура мен дайыма ушул көйгөй бойунча суранып келгем.
+3
didu
2020-04-01 18:15:00
эн туура чечим дордордо тачка суйрогон,каропка тергендерди караш керек,
+3
milan-707
2020-04-01 18:59:25
Аллах разы Болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан