Борбор калаада акыркы суткада стационарларга кайрылгандар азайып, каза болгондор катталган жок

Бишкек шаарындагы күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны өткөн күндөргө салыштырмалуу дагы азайды. 22-июлга карата борбор калаадагы медициналык жайлар 3 миңден ашуун жаранды кабыл алды.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, акыркы суткада күндүзгү стационарларга 2 миң 905, түнкү стационарларга 581 жаран кайрылды. Соңку 3 суткада каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 63 миң 130 жаран күндүзгү медициналык жайга кайрылып, анын 330у ооруканага жаткырылган. Ал эми түнкү стационарлар 4 миң 898 жаранды кабыл алып, 16сы бейтапканаларга жаткырылды.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sale-81
2020-07-23 13:19:12
Азайды деп коесунар конечно кабыл албай атсанар азайатда, бугун 5 поликлиникага Бир эже калчылдап температура болуп аран басып Келди, 2 кундон бери скорый келбей койду, озубуз сизге чалабыз деп дейт,, Кайда барарымды бильбей бул жерге келдим деди, врач да чыгып карап кайра кирип Кетти, мен 1 саат отурдум ошол убакытта Бир да жардам келген жок.. очередьте тургандар баары ызылдап киришти анан, эмне келдин бул жерге бизге жугат деп, коп нараазычылык болду,, провителство ушуну карап койсонор боло
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан