Иран коронавирус инфекциясынын кийинки толкунуна даярдык көрө баштады

Иран өлкөсү күз айларында коронавирус инфекциясынын кийинки толкуну болот деп боолгоп, ага даярдык көрө баштады. Бул тууралуу өлкө президенти Хасан Рухани билдирген.

"Коронавируска каршы күрөшүү штабы күзүндө болуучу инфекциянын кийинки толкунуна даярдык көрө баштады. Биз кийинки толкунга даярдануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз", - деген Рухани.

Президенттин айтымында, өлкөдө күзүндө болуучу инфекциянын кийинки толкунуна даярдык көрүү үчүн бардык ресурстар тартылган.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 139 миң 511 адамдан аныкталды. 7 миң 508 адам каза болсо, 109 миң 437 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-05-28 00:21:23
Пландаштырылгандай"кузундо болотурчу Пандемия дейтко Руханий.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан