Коронавируска кабылгандардын арасында 5 бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган эки бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.
"Бүгүнкү күнгө карата оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын экөө Ноокатта, Ош облустук биргелишкен ооруканасында эки бейтап жана Жалал-Абадда 1 жабырлануучу жатат. Эки бейтаптын абалы оор делинип, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду", - деди Мамбетов.
Учурда өлкө боюнча ооругандардын саны 116га жетти.