Депутат Кубанычбек Нурматов бала бакчалардын ишин жандандыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коомдук транспорттор каттап жатат. Ичинде толтура адамдар жүрүүдө. Иштеген ата-энелер кыйналышууда.
Бала бакчаларды ачып бербесек, ата-энелерге бир топ кыйынчылыктар түзүлүп жатат. Үйүндө баланы караш керек болсо, жумушу калууда", - дейт ал.