Бет капчан кекс, таажылары бар таттуу токочтор менен бургерлер жана COVID-19 деген аталыштагы вино. Мындай өзгөчө кондитердик азыктар жана ичимдиктер дүйнөлүк белгилүү ашпозчулардын, кондитерлердин жана вино жасоочулардын тренди боло баштаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Белгилүү ашпозчулар менен кондитерлер мындай өзгөчө даамдары менен өз кардарларынын маанайын көтөрүп жатабыз деп ишенишет.
"Анткени коронавирус - COVID-19 тематикасына арналган азыктар сатып алуучулар арасында жылмаюуну жаратып жатат. Ал эми күлкү жана жакшы юмор кайгыруунун жана стресстин эң жакшы дарысы. Кекс, таттуу токоч жана бургерлерден сырткары тизмеде COVID-19 моделиндеги жана бет капчан коёнектин формасындагы шоколаддар дагы бар", - деп жазылат маалыматта.