Голландияда фермада иштеген адам норка жаныбарынан коронавирус жуктуруп алганы айтылды

Голландияда норка жаныбарынан адамга коронавирус жуккан факты катталды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

Коронавирус жуктуруп алган адам жаныбарлар фермасында иштеген. Фермада 20 миңден ашуун жаныбар бар экени белгиленет.

"Вирус чыккан фермада апрель айында норка жаныбарлары COVID-19 инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Голландия бийлиги вирустун жайылышын болтурбоо максатында фермага келүүгө чектөө койгон. Ал учурда иштеген кызматкерлерге норка жаныбарынан адамга вирус жукпай тургандыгы айтылган. Көп өтпөй фермадагы көпчүлүк жаныбарлардын дем алуусу начарлай баштаганы байкалган. Алардан анализ алынганда, басымдуу бөлүгүнөн коронавирус табылган. Ал эми фермада иштегендерден бир адам ооруну жуктуруп алган. Анын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Буга чейин мышык, ит жана жолборстон адамга вирус жуккандыгы кабарланган", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан