Канаданын аскердик аба күчтөрүнүн офицери жана полковник, ачык космоско барып келгендердин бири Крис Хэдфилд карантин маалында изоляцияда адам өзүн кандай алып жүрүш керектиги боюнча кеңештери менен бөлүшкөн. Полковниктин айткандарын европалык белгилүү басылмалар жарыялаган.
Крис Хэдфилд изоляцияда болуу кандай экенин өз тажрыйбасынан улам жакшы түшүнөт деп жазышкан чет элдик басылмалар. Полковник карантин маалында жарандар төмөндөгүдөй жөнөкөй эрежелерди сакташ керектигин айткан:
- Үйдө отурсаңар дагы ар бир күнгө план түзүү керек. Мисалга эртең менен, түштө жана кечинде эмне иш менен алек болосуңар. Карантинде отурганда мурун кол жетпей жаткан иштерди бүтүрүү үчүн эң сонун убак келди;
- Сөзсүз түрдө алдыга максат коюу керек. Ал максаттар чоң болбосо да, кичинекей кадамдар чоң ийгиликке алып келерин эсиңерден чыгарбагыла;
- Дүйнөлүк космостук станцияда жерден алыс иштеп жатып биз жаныбызда коркунуч бар экенин билчүбүз, бирок бул нерсе биздин продуктивдүү иштөөбүзгө тоскоол болгон жок;
- Эгер бир адамдын психологиясы бекем жана кайраттуу болсо, башкалардан дагы андай сапатты талап кылбашы керек;
- Жакындарга карата катуу талаптарды коюп, алардын көңүлүн оорутпай, тескерисинче бирге жашаган адамдар бири-бирин укканды үйрөнүшү керек.