Бүгүн, 27-апрель күнү милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева брифинг өткөрүп, саламаттыкты сактоо мекемелеринде канча жеке коргоочу каражаттары бар экендиги жана канча керектиги тууралуу билдирди.
Боронбаеванын берген маалыматына ылайык, 231 миң 600 коргоочу костюм бир айга каралган. Дагы кошумча 184 миң 700 коргонуучу кийим жана 128 миң респиратор керектелет. Ал эми бир жолу колдонулган бет каптар жетиштүү.