Кыргыз-Казак чек арасындагы эки өткөрмө пункттар аркылуу жүк ташуулар уланат

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы айрым өткөрмө пункттар 4-апрелден баштап убактылуу жабылары маалымдалган. Бирок Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы жүк ташуулар токтотулбайт. Алар эки өткөрмө пункт аркылуу ишке ашырыларын республикалык штабдан кабарлашты. Ага ылайык:

- Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары, Кыргыз мамлекетинде жүргөн Казак жарандары өз өлкөлөрүнө кайта турган болсо, "Чоң-Капка-автожол" (Кыргыз өлкөсү) – "Айша биби-автожол" (Казакстан), "Ак-Тилек-унаажол" (Кыргыз өлкөсү) – "Карасуу-автожол" (Казакстан) өткөрүү пункттары аркылуу гана кете алышат;

- Кыргыз өлкөсүнүн жана башка өлкөлөрдүн жарандарына Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүсүнө убактылуу тыюу салынат;

- Айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын, эл керектөөчү товарларын Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга жана Казакстандан Кыргыз мамлекетине эки багытка тең чектөөсүз, ошондой эле транзиттик жүктөрдү ташуу "Ак-Тилек-автожолу" жана "Чоң-Капка-автожолу" өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат;

- Темир жол аркылуу жүктөрдү өткөрүү "Кайыңды-темир жол" өткөрмө пункту аркылуу ишке ашырылат.

Эскертүү! Мамлекеттик чек арадан өтүүдө жүк ташуучу унаалардын айдоочулары милдеттүү түрдө бет кап тагынып, колдоруна кол кап кийиши керек.
Талаптарды сактабагандар паспорттук көзөмөлдөн жана текшерүүнүн башка түрлөрүнөн өтө албайт. Жүк ташуучу унаалардын ичинде бир гана айдоочусу болгондо өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан