Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы коронавирус жуктурганы тууралуу өзү президент Владимир Путинге билдирген. Мындан ары изоляцияда болоруна байланыштуу премьердин милдетин аткаруучу катары Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштаган. Путин ал сунуштаган талапкерди жактырган.
Михаил Мишустин өкмөт башчылыкка ушул жылдын январь айында дайындалган. Ал 54 жашта.