Бүгүн, 3-апрелге карата Испания коронавирустан жабыркагандардын саны боюнча Италияны ашып өттү. Ага ылайык, Испанияда 117 миң 710 адам ооруп жатса, Италияда 115 миң 242 адам жабыркап жатат.
Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата Испанияда 10 миң 935 жаран каза болуп, сутка ичинде каза болгондордун саны 900дөн ашты. Ал эми 30 миң 513 бейтап айыкты.
Учурда дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 1 миллион 26 миң 974 жаран, каза болгондор - 53 миң 975. Айыккандар - 217 миң 433.