Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров онлайн маалымат жыйын беришти.
Анда комендантка Сузак районунун Ырыс айылында коронавирус аныкталган делип өзгөчө көзөмөлгө алынган Рахматов көчөсүнүн жашоочулары таза суусу жок, арыктан суу ичип жатышканы айтылды.
"Ырыс айылындагы бул көчө тууралуу кабардарбыз. Алгачкы күндөн баштап алар көзөмөлгө алынып, көйгөйлөрдү жоюу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анын ичинде таза суу маселеси да бар эле. Бул көчөдөгү жаралган жагдай боюнча айта кетсем, үч-төрт күн болуп калды, ал жерде суу чыгарган насос техникасы бузулуп калыптыр. Анын шаймандары облустан табылбагандыктан, айыл өкмөт кызматкерлери Бишкектен алууга тапшырык беришкен. Жакынкы арада суу насостору келип калса, көчөдөгү тургундардын маселеси чечилет", - деди комендант.