Коронавирус менен ооруган орусиялык актриса карантинди бузуп, көчөгө чыгып кеткен. Аны кандай жаза күтөт?

Коронавирус жуктурган орусиялык актриса Янина Бугрова үй карантинин бузуп, көчөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Бирге бактылуубуз" ("Счастливы вместе") комедиялык телесериалына тартылган 43 жаштагы актриса Франциядан келгенине байланыштуу коронавируска тест тапшырган. Тесттен вирус аныкталып, бирок жеңил түрү болгондуктан дарыгерлер ооруканага жаткырбай, үй карантинине чыгарышкан. 3-апрель күнү актрисадан кабар алуу үчүн келген "Тез жардам" бригадасы аны үйүнөн таппай калып, 11 чакырым алыстыкта жүргөнүн билишкен. Медицина кызматкерлери дароо полицияга кайрылышкан. Укук коргоочулар Бугрованын социалдык тармакка жүктөгөн сүрөттөрүнөн бир нече ирет карантинди бузгандыгын аныкташкан.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин 1-апрелден тартып карантинди бузган жарандарга айып киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Буйрукка ылайык, эгер жаран карантинди бузуп, адамдардын массалык түрдө вирус менен оорусуна алып келсе, анда 500-700 миң рубль айыпка жыгылат же 2 жылга чейин жазага тартылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sirenaaaaa
2020-04-03 17:30:37
Акчасы коп экен, Францияга барып келди да.эми деле толоп коет штрафты
+6
leilekstan_1987
2020-04-03 17:43:39
Акчасы коп байларга акчалай штраф эмес эркиндиктен ажыратуу жазасын колдонуш керек
+13
anash
2020-04-03 17:48:57
leilekstan_1987,биздиклерге да ошондой кылыш керек 120+Снб+прокуроры+Мвд+
+9
anash
2020-04-03 17:50:04
Булар карапайым калктын акчасын кагат штрафтарды олчойтуп айтып уяты жоктор
+1
Kuyoo_bala
2020-04-03 17:51:17
Секин эле тынчытып коюш керек
+6
MOTOP
2020-04-03 20:34:31
Филиппинге окшотуп атыш керек.Башка жакка коментарий жаза албай атам конок тайпасындасын дейт
+4
rola
2020-04-03 21:57:53
Вирус жуктурган болсо(женил туру болсо да) уй карантинине жонотпош керек эле.Канча адам менен контак болду ким билет?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан