Президент санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, коменданттык саатты бузган жарандарды жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзамга кол койду

Бүгүн, 3-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө абал шартында коменданттык саатты бузган жарандарды жоопкерчиликке тартуу багытында тиешелүү кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын айрым кодекстерин өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин бузгандыгы үчүн көрүлүүчү чаралар бөлүгүндө "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамы менен шайкеш келтирүү болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү жоопкерчилик түрлөрү киргизилет:

  • өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал, согуштук абал режимдерин киргизүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн;
  • өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режиминин талаптарын бузгандыгы үчүн;
  • чектөө иш-чараларынын (карантиндин) эрежелеринин (талаптарын) бузгандыгы үчүн;
  • дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;
  • коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо үчүн;
  • өзгөчө абал шарттарында укук тартибин бузууга багытталган аракеттер үчүн;
  • өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде бааларды негизсиз жогорулатуу үчүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан