Бишкек шаарындагы социалдык стационардагы 145 бейтап жана мекеменин 71 кызматкери эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардагы 145 бейтап жана мекеменин 71 кызматкери эмдөөдөн өтүштү. Ошондой эле өткөн суткада мекемедеги дагы 52 бейтап эмдөө алды.
Эске салсак, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана улгайган адамдарга арналган шаардык пансионат жана күндүзү тейлөө борборлору эми эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге алынат.