Окуучулар онлайн окушат. Министр: "Урматтуу мугалимдер, сиздер күчүңүздөрдү көрсөтө турган учур келди" (видео, хронология)

8-апрелден баштап өлкөдө мектеп окуучулары онлайн режимде 4-чейректи окуп баштары маалымдалган. Бүгүн, 3-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Өкмөт үйүндө бул боюнча маалымат берүүдө.

2020-04-03 09:18:00

Көптөгөн райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү видео сабактарды даярдап жатышат. Биз буга чектөө койгон жокпуз. Мен мугалимдерге кайрылып кетким келет. Урматтуу мугалимдер, сиздер өзүңүздөрдүн ыкчамдыгыңызды, аракетчилдигиңизди көрсөтө турган мезгил келди, азыр биз сиздердин күчүңүздөргө муктажбыз. Андыктан ар бирибиз бул жаңы системди өздөштүрүп кетебиз деп ишенем.

2020-04-03 09:16:00

Студенттердин контрагы кандай болот деген суроолор көп болуп жатат. Эгерде студенттин ата-энеси социалдык жактан кыйналып, жашоо турмушу оор болуп жатса аларга жеңилдиктер болот. Бул үчүн окуу жайлар социалдык пакеттерди түзүшү керек. Маселен канча бир пайызга анын төлөмүн кыскартуу же мөөнөтүн узартуу деген жол-жобону карап чыгышы керек. Магистратура, жогорку окуу жайларга да онлайн кабыл ала алабыз деп ойлойм.

2020-04-03 09:15:00

Жогорку окуу жайлар боюнча айтсам. Бир топ алдыңкы жогорку окуу жайлар буга чейин да дистанциялык билим берүүнү ишке ашырып келишкен. Муну мындан ары да жакшыртуу, дыкат иштеп чыгуу тапшырмаларын бердик. Эгер ушул кырдаал уланып кетсе, жайкы сессия да онлайн түрүндө өтөт.

Бул кырдаалга карабастан бизде план бар болчу, ЖОЖдорго кабыл алууну электрондук форматта өткөрүү деген. Бүтүрүүчү өлкөнүн кайсы аймагында жашабасын өзүнүн улуттук тестинин жыйынтыгын жөнөтсө университеттер карап көрмөк. Класстан класска көчө турган жыйынтыктоочу экзамендер кандай тапшырылат, бүтүрүү экзамендери кандай тапшырылат кырдаалга карата чечилет.

2020-04-03 09:13:00

Кесиптик, башталгыч жана орто окуу жайлар боюнча айта кетейин. Тез аранын ичинде бул жайларга да сабактарды бат өздөштүрүү жолдорун карадык. Бул үчүн социалдык сервис ишканасы менен иштеп жатабыз. Албетте, кадимки билим берүү системи жакшы, ал башка жагдай, бирок бүгүнкү кырдаалда баарыбыз аралыктан окуунун жол-жобосун ойлонуп, иштеп, ишке ашырыш керек.

2020-04-03 09:12:00

Буга чейин онлайн видео сабактар боюнча мугалимдерге сынак жарыяланган болчу. Мен буга катышкан ар бир мугалимге ыраазы болуп жатам. Заманбап технологияны билген, креативдүү ой жүгүрткөн мугалимдер абдан көп экен. Бизге көптөгөн видеолор келип түштү, менде бул онлайн системди бат эле өздөштүрүп кетебиз деген чоң ишеним жаралды. Кээде аргасыздык, муктаждык чыгармачылыкка, изденүүгө түртөт.

2020-04-03 09:10:00

Улуттук тестирлөө кандай жүргүзүлөт, ЖОЖдорго тапшыруу кандай жүрөт? Бүтүрүүчүлөр тарабынан улуттук тестирлөө боюнча көп суроолорду жөнөтүп жатышат. Улуттук тестирлөөгө каттоонун мөөнөтүн узарттык. Качан башталат, бүтөт бул боюнча маалыматтарды биз сөзсүз окуучуларга жөнөтөбүз. Тестирлөөгө онлайн даярдануу боюнча да мүмкүнчүлүктөр бар, балдар буга азыртадан катуу даярдана беришин каалайт элем.

2020-04-03 09:06:00

Мугалимдер кантип балдар менен кайтарым байланышта болот? Бул үчүн мугалимдер атайын даярдыктан өтүштү, Zoom, WhatsApp, Телеграмм жана башка мессенжерлер аркылуу балдар менен байланышып, тапшырмаларын текшерип, кадимкидей эле алардын билимин, даярдыгын баалай алышат.

2020-04-03 09:05:00

Видео сабактарды өтүү үчүн 210 мугалимди ишке тарттык, учурда видео сабактарды тартуу иштери жүрүп, монтаждалып жатат. "ЭлТР", "Баластан", "Пирамида", "5-канал", "Санат" телеканалдары аркылуу ал сабактар көрсөтүлөт. Анан албетте, бир үй-бүлөдө 2-3 окуучу болушу мүмкүн, алар сыналгыны талашып калбашы үчүн сабактардын расписаниесин түзүү эске алынат. Биз атайын бул системге ылайыкталган порталды ишке киргиздик, анын ичинде бардык окуу китептердин электрондук версиясы киргизилген.

2020-04-03 09:02:00

Министр: "Биз бул абалда билим берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет жасадык. Бул үчүн көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем. Мен онлайн окутуунун механизмдерин айтып кетейин".

2020-04-03 09:00:00

Маалымат жыйын башталды. Ал онлайн форматта өтүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2020-04-03 09:37:35
Окуучулардын билимин токтотпош керек. Билим созсуз керек. Билимсиздик, сабатсыздык вирустан да жаман.
-3
33SUUN
2020-04-03 12:03:36
Россия онлайн окутууну убактылуу токтотуп эле койдуго.Мындай оор кырдаалда Кыргызстан деле токтотуп турса болмок.Илим алууга жетишебиз кудай буюрса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан