Коронавирус жуктурган жарандардын көпчүлүгү учурда оор абалда. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов онлайн жыйын учурунда билдирди.
"Коронавирус жуктургандардын 67си эркек киши болсо, 77си аялдар. Анын ичинде 6 киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;
2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;
3. Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда;
4. Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда;
5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;
6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.