Кечээ, 4-апрелде Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын республикалык штабдан маалымдашкан болчу.
Ошол эле күнү кечке жуук өзүн Гүлзада Сатылганова деп тааныштырган аялдын "Мен коронавирус менен ооруган эмесмин, эл чындыкты билиши керек" деп кайрылган видеосу интернетке тарады. Видео социалдык тармакта азыркы тапта кызуу кепке алынууда.
Видео кайрылуу жасаган жаран: "Жалал-Абад облусунун Аксы районунда коронавирустан айыгып чыкты деген 3 жарандын бирөөсү менмин. Мен коронавирус менен ооруган эмесмин жана сакайып дагы чыккан эмесмин", - деп билдирген. Анда ал 14 күн карантинде гана кармалганын айтып, төмөнкүлөргө токтолгон.
"Коронавирустан айыгып чыгышты деген маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылып жатат. Бул жалган маалымат. Мен эч кандай дарылоодон өткөнүм жок, дары дагы ичпедим, укол дагы алган эмесмин. Кадимки катардагыдай эле 14 күн карантинде жатып чыктым. Мени текшеришкенде баары таза болуп чыккан", - деп билдирген видео кайрылуу жасаган жаран.
Буга чейин коронавируска байланыштуу калп маалымат тараткан бир катар жарандар күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. Азырынча Саламаттыкты сактоо министрлиги жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб жогорудагы видео боюнча комментарий тарата элек.
Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде бул окуя боюнча: "Жөн эле адамды обсервацияга же ооруканага жаткырбайбыз. Эгер адамда вирус бар экени аныкталса, аны эл арасына чыгаруу кооптуу болуп калат. Оорунун белгилери болбосо, бизде ал адамды жаткырып, дарылоого кандай кызыкчылык болмок эле? Алар мындай билдирүүлөрдү айткандан мурун ойлонуш керек. Себеби жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара колдонулат", - деди.