Азербайжандан алып келинген вакцина менен эмдөө эртең башталат

Эртең, 22-июлдан баштап коронавируска каршы эмдөөгө AstraZeneca вакцинасы колдонула баштайт. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
"AstraZeneca вакцинасын кайсы пункттардан алса болорун кененирээк маалымдайбыз. Европанын көпчүлүк өлкөлөрү өздөрүндө колдонулуп жаткан вакциналар менен чет элден келе турган жарандардын эмделүүсүн талап кылышат. Андыктан биз бул вакцинаны каалоочуларга жана AstraZeneca`ны тааныган өлкөлөргө бара тургандарга сунуштайбыз. Аталган вакцина бардык жарандарга жеткиликтүү болушун камсыздоого аракет кылабыз", - дейт ал.
Буга чейин Азербайжандан Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы алып келинген. Вакцина аймактарга эми таратылат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2021-07-21 22:15:02
Биздин өлкөдөгү минздрав өлүп калган да любой жактан келген вакцина менен ура беришет да, кичине проверка барбы и доверя барбы, или пофигпи, өлсө баары бир деп сая беришеби, мен лично каршымын алганы андай мусор вакцинаны, лучше спутник или дүйнөлүк күчтүү вакцина алыш керек.
+1
Sambet08
2021-07-22 03:09:30
Бул вакцинадан европанын коп олколору баш тартып жатса бизге боло берет деген окшойт минздрав
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан