Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат:
3-апрель күнү өлкө боюнча 1 миллион 364 миң 644 метр унаа жолдору дезинфекцияланды;
ӨКМ тарабынан жалпысынан 12 миң 77 орундук даярдалган;
Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;
Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак үй орноштурулган;
112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8 миң 220 чалуулар түшкөн, анын ичинен коронавирус боюнча 972 чалуу, ал эми 3 миң 569 максатсыз чалуулар;
Өзбекстан тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам (ун жана медициналык каражаттар) ӨКМ тарабынан кампаларга жеткирилди;
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов тарабынан берилген миң даана коргоочу костюмдар (L1) кабыл алынып, региондорго жеткирилүүдө. Аталган коргоочу костюмдар республиканын аймагындагы санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан ӨКМнын, ИИМдин жана медицина кызматкерлерине таратылат;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 324 куткаруучу жана 96 унаа тартылган.
Бүгүн, 4-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 144кө жетти.