АКШ расмий түрдө ремдесивир дарысын коронавируска каршы пайдаланып баштады

АКШнын азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөөчү башкармалыгы (FDA) коронавируска каршы колдонууга ремдесивир дарысын расмий түрдө сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин ремдесивир дарысы эбола оорусуна каршы колдонулуп келген. Мындан ары аталган дарыны коронавирустун оор түрү менен ооруган бейтаптарга колдонушмакчы. "Бул Covid-19 инфекциясына колдонууга сунушталган алгачкы терапия", - дейт FDA`нын башчысы Стивен Хан.

Бул аптада колдонулган ремдесивир дарысынын алгачкы жакшы жыйынтыктары чыккан. Ошондон улам аталган препарат коронавирус менен күрөшүүгө эффективдүү экендиги аныкталган.

Эксперттер ремдесивир коронавирустун алдын алуучу дары экендигине толук кепилдик жок, анткени буга чейинки изилдөөлөр препараттын эффективдүүлүгүн аныкташкан эмес деп эскертишет.

Ага карабай клиникалык изилдөөлөр препарат бейтаптын абалын жеңилдетерин аныктагандыгы айтылат. Америкалык "Gilead" фармацевттик корпорациясынын жетекчиси Дэниел О'Дэй АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууда ремдесивир дарысын пайдаланууга 1 миллион 500 миң дозасын бекер берерин билдирген.

Маалыматка ылайык, учурда АКШ коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда.

3-майга карата аталган өлкөдө 1 миллион 132 миң 512 адам оору жуктурган. Андан 175 миң 382 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 66 миң 368 бейтап вирустан көз жумду.

Эске салсак, буга чейин Кытай, Малайзия, Чехияда коронавируска каршы ремдесивир дарысын колдонуп келишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан