Бүгүн, 17-ноябрга карата өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 67 миң 469 болду. Анын ичинен бүгүнкү күндө 3 миң 138 бейтап медициналык жайларда дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат тарады, ага ылайык:
* 52 бейтап (1,6%) - канааттандырарлык абалда;
* 2 миң 82 бейтап (66,3%) - орто оордукта;
* 882 бейтап (28,1%) - оор абалда;
* 122 (3,8%) - өтө оор абалда
Республика боюнча илдеттен айыккандар 58 миң 315ке жетсе, тилекке каршы, каза болгондор 1 миң 207 болду.