Өлкөдө январь айында COVID-19 илдетине чалдыккан балдардын саны 2,9 пайызга азайды

Өлкөдө январь айында коронавируска мектеп жашындагы 109 бала кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын акыркы айларына салыштырмалуу COVID-19 илдетине чалдыккан балдардын саны 2,9 пайызга азайган.

"Өлкөдө жалпы коронавируска 85 миң 328 адам кабылган. Алардын ичинен 2 миң 464ү мектеп жашындагы балдар. Анын арасында мектепке чейинки курактагылар 1 миң 432.

2020-жылдын ноябрь айында 320 мектеп жашындагы балдар аталган илдетке кабылган. Декабрь айында статистика 1,5 пайызга азайганы байкалды. Анда 214 бала илдетке чалдыккан.

Ал эми 2021-жылдын январь айында 109 баладан COVID-19 илдети аныкталган. Мындай көрсөткүч өткөн үч айга салыштырмалуу 2,9 пайызга азайды.

Илдетке чалдыккан мектепке чейинки курактагы балдардын саны ноябрь - 175, декабрь - 128, январь - 103", - деп жазылат мекеменин маалыматында.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан