4-апрелде Кытайда коронавирус - COVID-19 илдетинен каза болгондорду эскерүү мүнөтүн өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышкан.
Жалпысынан Кытай боюнча 82 миң 500 адам вирусту жуктуруп алса, анын ичинен 3 миң 300гө жакыны көз жумган.
"Албетте, Кытайда пандемиянын кызуу учуру өтүп кетти. Бирок бул жаңы коронавирус көп адамдарды жакындарынан ажыратты. Алардын арасында ооруп калгандардын өмүрү үчүн күрөшүп жатып көз жумган дарыгерлер дагы бар. Бүгүн жалпы кытай эли ал дарыгерлерге таазим кылат. Жаңы коронавирустан каза тапкан бардык жарандарыбызды эстеп, аза күтөбүз", - деп жазышкан кытай басылмалары.
2019-жылдын соңунда алгач Ухан шаарынан чыккан коронавирус Кытайда тездик менен жайылып, андан ары Европа мамлекеттерине өткөн. Учурда инфекция дүйнөнүн 190дон ашык мамлекетине жайылды. Ал эми Кытайда пандемиянын күчөшү февраль айынын соңунда жайлай баштаган.