"Исмаил Матраимов" фонду 20 жасалма дем алдыруучу аппаратты сатып алып, колдонууга берип баштады

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду 20 жасалма дем алдыруучу аппаратты сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.

"Чет өлкөдөн 10 даана стационардык жана 10 портативдик жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) жабдыктарын сатып алдык. Алардын ичинен 2 стационардык ИВЛ аппараты колубузга тийип, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына өткөрүп бердик. 8 ИВЛ жабдыгы жолдо келе жатат, калган 10 жабдыкты алып келүү боюнча аракеттер жүрүүдө. Жакынкы күндөрү жабдыктар толугу менен келип, Саламаттыкты сактоо тармагына өткөрүлүп, колдонууга берилет. "Исмаил Матраимов" фондунун жамаатынын атынан элибизге ден соолук, бакубат жашоо, учурдагы илдеттин сыноосунда сабыр тилейбиз", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
J1irg
2020-04-05 14:13:08
Тажомниктер байыган экен.
-7
bessmertiy
2020-04-05 14:19:29
J1irg,Каяктан байыса да жардам берип атат. Бюджеттин акчасын жеп алгандар олтурат го тымпыйып. Шайлоодо элим эле элим дегендерден бирөө чыктыбы, кана?
+12
milan-707
2020-04-05 14:33:14
Аллах разы Болсун
+10
filis
2020-04-05 15:13:24
Раимдин матраимовтордун орду турмодо.
-13
Krai
2020-04-05 15:15:18
Азаматсыз Аллахым ыраазы болсун
+11
KG-zigit
2020-04-05 15:31:39
Раимдан башка байлар эмне балее ойгонуша элекби
+11
basyz-kaman
2020-04-05 15:34:31
Кимке кандай билбедим го бирок элге жардам бергени факт болуп жатат. Матраимовдорго окшогон байлар көп ошолор дагы жардам берсе болот эле. Көп түкүрсө көл болот демекчи
+13
aziatka0225
2020-04-05 16:22:36
Emne kylyp baiysa da elge zhardam berip zhatat!!! Rahmat, silerge!
+6
eddi.
2020-04-05 16:23:10
Азамат адам
+7
bema_bema
2020-04-05 19:05:17
Кыргызстанда буга окшогон байлар толтура кана ошолор соопчулука, колунда жокторго бергени.
+3
Store
2020-04-05 19:30:43
Баракелде Матраимовтор, ушундай кырдаалда элине кайдыгер карабаганына балли!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан