6-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусуна караштуу Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 78 жаран жеткирилген.
Алар:
Бишкек шаары боюнча - 66;
Ош шаары боюнча - 2;
Жалал-Абад шаары - 6;
Сузак районунда - 2;
Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилген.
Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Жалпысынан алганда, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1 944 жаран кармалды.